Айдоочулардын эсине! Боомдо таш түшүрүү иштери жүрөт

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымындагы Боом капчыгайында 15-19-апрель күндөрү кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришкендей, иш саат 09:00дөн 15:00гө чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан жол жарым-жартылай жабылгандан кийин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда унаа кыймылы бир тилкеге ​​багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолуп калганда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө уруксат берилет.