Айдоочуларга эскертүү! Бишкек-Ош жолундагы туннель маал-маалы менен жабылат

Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы Көлбаев атындагы туннелдин ичинде оңдоп-түздөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу унаалардын бардык түрүнө эки тараптуу маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Оңдоолорго байланыштуу бир күндө 3 маал жол жабылат. Тактап айтканда, таңкы саат 4:00дөн 6:00гө, күндүзү 10:00дөн 12:00гө жана 14:00дөн 16:00гө чейинки убакта өтмөктө жол эки тараптуу жабылат.