Айдоочуларга эскертүү! Боом капчыгайында таш түшүрүү иштери жүрөт

24-октябрдан 26-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымындагы Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Иштер күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жол кайгуул кызматы тарабынан жарым-жартылай жабылгандан кийин жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.