Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга Бишкек-Ош унаа жолунда жүрүүдө баардык коопсуздукту, жол эрежелерин так сактоого жана унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.
Өздүк курам Бишкек-Ош унаа жолунда кызмат өтөп жатканы да айтылды.