Айдоочуларга жакшы кабар! Бишкекте чуңкурларды жамоо иштери уланып жатат

Борбор калаада чуңкурларды жамоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

“Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын бригадалары Дэн Сяопин проспектисинин Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинин Фучика көчөсүнөн Павлова көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жол кемчиликтерин жоюуда. Буга чейин Чүй проспектиси менен Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсү менен Малдыбаев көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин, Байтик-Баатыр көчөсү менен Толстой көчөсүнөн Масалиевге чейин, Абдрахманов көчөсү менен Толстой көчөсүнө Жибек-Жолуна чейин жана Эркиндик бульвары боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзеге чейинки чуңкурларды жамоо иштери жыйынтыкталган.

Калаанын борбордук көчөлөрүндө жол кемчиликтерин жоюу иштери жыйынтыкталгандан кийин адистер экинчи даражадагы көчөлөргө өтүшөт. Милиция кызматкерлери айдоочулардын коопсуздугу үчүн жол кыймылын жөнгө салууда.