Айдоочунун кымыз ичкенин билсе болобу?

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков арак адамды өлтүрөрүн, кымыз ден соолукка аябай пайда экенин айтып, «сиздерде ошол экөөнү айырмалап бүтүм чыгарып бере тургандай техникалык мүмкүнчүлүктөр барбы?» деген суроо салды.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов мындай мүмкүнчүлүк жок экенин айтты. «Ичимдик ичкен-ичпегенин бизге Наркология борбору аныктап берет. Ал жакта мас же соо деп эки эле бүтүм чыгат. Мынча грамм ичкен, коньяк, арак же кымыз ичкен деп чыкпайт», — деди ал.