Айдын аягынан «Манас» аэропортуна экспресс автобус каттап баштайт

Июнь айынын аягына чейин Бишкек шаарынан «Манас» аэропортуна багыт алган туристтерге ылайыкталган комфорттогу экспресс-автобустар уюштурулуп баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова жыйында билдирди.

«Бишкектен «Манас» аэропортуна карай автобустар жарым саат сайын күн-түн дебей каттайт. Аларда Go bus деген жазуу болот. Бул жаатта аэропортко каттаган таксисттер менен да түшүнбөстүк болуп калышы мүмкүн. Бирок ал маселени чечкенге аракет кылабыз. Кийинчерээк Караколго да ушундай экспресс автобустар каттоосу пландалууда», — деди Калашникова.

Буга чейин да «Манас» аэрпортуна экспресс маршруттар каттап, кийинчерээк токтоп калган. Аэропортко чейинки жол киренин болжолдуу баасы 150 сомдой болору айтылды.