Айгерим Расул кызы SUPERTV’нын «аргасыздан иттин этин жейбиз» деген каармандарына 150 миң сомдук жардам көрсөттү

Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы SuperTV`нын «аргасыздан иттин этин жейбиз» деген каармандарына жардам көрсөттү. Ал жубайлардын жардамга муктаж үй-бүлөгө кийим-кече, азык-түлүктөн баштап тиричилик техникасына чейин белек кылып кубантты.

«Үй-бүлө тууралуу окуп алып, денемди калтырак басты. Чай ичкенде да эсимден кетпей койду. Бул жашоодо эч кимге сын такпаш керек. Кудайга шүгүр, 3 баланы бериптир. Жүрөгүм ооруп, аларды кубандыргым келди. Муздаткыч, сыналгы, кир жуучу машина, азык-түлүк алып келдим»,- деди ырчы айым.