Билим берүү мекемеси Бишкекте 2021-жылдан бери иштей баштаган. «Маариф» комплексинде окутуу программалары кыргыз жана орус тилдеринде ишке ашырылат, ошондой эле англис тилиндеги эл аралык программа да каралган. Мындан тышкары, түрк тили курстары бардык окуучуларга сунушталат. «Маариф» билим берүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда биринчи айымдар Айгүл Жапарова жана Эмине Эрдоган окуу класстарын кыдырып, илимий долбоорлорун, робототехника боюнча даярдаган эмгектерин жана өз колдору менен жасаган буюмдарын көрсөткөн окуучулар менен жолугушту. Балдар сыйлуу меймандарга «Манас» эпосунан үзүндү айтып, кыргыздын башка салттуу күүлөрүн аткарып беришти.
Кийин Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барышып, биринчи айымдар борбордун жаңы имаратында жайгашкан гемодиализ, эндокринология, административдик-башкаруу бөлүмдөрүн көрүп чыгышты. Ал жакка барганында биринчи айымдар Борбордун медициналык кызматкерлери менен баарлашты, алардын көпчүлүгү операция жасоо үчүн керектүү билим жана практикалык тажрыйба алуу үчүн Түркияда стажировкадан өтүшкөнүн айтып беришти. Ошондой эле борбордо Айгүл Жапарова менен Эмине Эрдоган ошол жерде дарыланып жаткан энелер жана алардын балдары менен жолугушту. Алар жаш бейтаптарга тез сакайып кетишин, ал эми апаларына бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө күч-кубат менен чыдамдуулук каалашты.