Айгүл Жапарова: «Ар бир айымдын өзүнүн капчыгында жеке каражаты болушу керек»

Биринчи айым Айгүл Жапарова кечээ, 20-апрелде “Санарип көндүмдөрү баары үчүн: жаңы жүздөр” эл аралык форумуна катышкан.

«Ар бир айымдын өзүнүн капчыгында үнөмдөгөн акчасы болушу керек экен. Бизде кыздар үй-бүлө үчүн, бирөө үчүн баарын кыла беребиз. Өзүңөрдүн капчыгыңарда акча болушу керек»,- деди ал.