Айгүл Жапарова ата-энелер жана балдарга арналган фестивалга катышты (сүрөт)

Биринчи айым Айгүл Жапарова кечээ, 30-майда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ата-энелер жана балдарга арналган «Алтын Казык» интерактивдүү фестивалына катышты.

«Бала мээримдүү жана камкор үй-бүлөдө чоңойсо, ал өмүр бою бактылуу болот. Үй-бүлөдөн башка эч ким балага келечекте таяна турган туура жашоо баалуулуктарын үйрөтө албайт. Балдар өзүн коопсуз сезгенде, сүйүүнү жана камкордукту сезгенде толук өнүгөт», — деди ал.

Айгүл Жапарова ата-энелерди балдарга туура адаттарды, туура тамактанууну үйрөтүүгө жана гаджеттерге көп көңүл бурбоого чакырды. Ошондой эле биринчи айым ата-энелер менен балдардын ортосундагы баарлашуунун маанилүүлүгүн, алар менен ар кандай кызыктуу жана өнүктүрүүчү оюндарды ойноонун зарылдыгын белгиледи.

«Алтын Казык» фестивалын «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду «Супара» этно-комплексинин жетекчилиги менен биргеликте уюштурган. Фестивалдын максаты — улуттук баалуулуктарды эске алуу менен акыркы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын пайдалануу аркылуу кичине курактагы балдардын өнүгүүсү тууралуу ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу.