Айгүл Жапарова аялдар форумунда сөз сүйлөдү (сүрөттөр)

Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 22-августта Улан-Батор шаарында (Монголия) “Жашыл келечек жолунда” аттуу Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумунда ардактуу конок катары сөз сүйлөдү.

Форум 22-23-августта Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун колдоосу астында Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтыкта өтүүдө. Иш-чарага 15 өлкөнүн мамлекет башчылары, өкмөт башчылары жана министрлери, 20дан ашык эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бизнес, маданият жана спорт сыяктуу бардык тармактардан лидер аялдар катышууда.

Айгүл Жапарова өз сөзүндө Монголиянын президентине жана биринчи айымына аталган форумга катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын айтты. Ал белгилегендей, БУУнун бардык мүчө-мамлекеттери тарабынан кабыл алынган 2030-жылга чейинки мезгилге Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын бири гендердик теңчиликти камсыздоо, бардык аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат, ал көпчүлүк максаттар менен милдеттерди алдыга жылдырууга жана аларга жетүүгө чечүүчү салым кошот.

Биринчи айым туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибине ылайык, 2022-жылдын сентябрында Кыргызстан 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегияны кабыл алгандыгын баса белгиледи. Бүгүнкү күндө гендердик теңчилик Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Аялдар ишкердиги жаатындагы саясатты алга жылдыруу үчүн зарыл шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча иштер улантылууда.

Буга байланыштуу Айгүл Жапарова мамлекет тарабынан 2022-2026-жылдарга карата Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа кабыл алынганын айтып өттү.