Айгүл Жапарова: «Бала жоготуу менин да башымда бар. Бул эч качан унутулбайт»

Бишкекте Салтанат Саматова атындагы «Колумду карма» сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо аземи кечээ, 18-октябрда Novotel отелинде болуп өттү. Анда президенттин жубайы Айгүл Жапарова сөз сүйлөп, иш-чаранын катышуучуларына жана уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирип, бала жоготуу эч качан унутулбарын айтты.

«Мен бүгүн Салтанат Саматованын жаркын элесине арналган «Держи мою руку» атындагы маалымат кампаниясына катышып жатканыма кубанычтамын. Онкология оорусун жеңишибиз керек. Эң өкүнүчтүүсү бул оору менен биздин балдарыбыз да ооруп жатат. Бул эч кимге жашыруун эмес. ДССУнун адистеринин айтымында, туура, убагында дарылап баштасак, шишиктин 70 пайызын жеңүүгө болот экен. Бүгүн чоң иш жасалып жатат. Адамдарды сөзсүз түрдө маалымат менен сугарыш керек. Ал эми бүгүнкү кеченин каарманы мекенчил Салтанат Саматова. Бала жоготуу менин да башымда бар. Бул эч качан унутулбайт. Бирок Салтанаттын артында кандай иштер калды? Салтанат бизди оору менен күрөшүүдө эч качан жеңилбеш керектигин, ооруну жашырбаска үйрөттү», — деди ал.