Айгүл Жапарова «Беларусь аялдар союзунун» өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова кечээ, 11-июлда Минск шаарында «Беларусь аялдар союзу» (БАС) КБ төрайымы Ольга Шпилевская менен жолугушту.

Бул бирикме 1991-жылы түзүлгөн, анын ишмердүүлүгү аялдардын, үй-бүлөлөрдүн жана балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүгө, аялдардын коомдогу татыктуу ордун камсыз кылууга, анын өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмушундагы ролун жогорулатууга багытталган. Ольга Шпилевская БАС ишмердүүлүгүнө кыскача токтолуп, бул өлкөдөгү 175 миңден ашык аялдарды бириктирген эң ири аялдар уюму экенин белгиледи. Айгүл Жапарова бүгүнкү өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык өз ара аракеттенүү маселелери жана албетте бул процесстерде аялдардын ролу боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүн канааттануу менен белгиледи.

Биринчи айым органдарды трансплантациялоо, онкологиялык ооруларды дарылоо маселелерине көңүл өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандын өтө муктаж жарандарына Беларуста кайтарымсыз дарылоого квота бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, санариптештирүү, туризм жана башка тармактарда күчтөрдү бириктирүүнүн жана кызматташтыкты кеңейтүүнүн, тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.