Айгүл Жапарова Беларустун Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин төрайымы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова Минск шаарына болгон иш сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту. Наталья Кочанова сыйлуу конокту кабыл алып, Айгүл Жапаровага «Славян базары» эл аралык искусство фестивалына катышууга чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Беларуста жыл сайын өтүүчү фестивалга кыскача токтолуп, быйыл 30дан ашык өлкө катышып жатканын, анын ичинде Кыргызстан да бар экенин белгиледи.

Наталья Кочанова Беларусь менен Кыргызстан достош өлкөлөр экенин, белорус-кыргыз мамилелеринин бекем пайдубалын эки мамлекеттин башчылары түптөгөнүн канааттануу менен ырастады. Беларусь үчүн Кыргызстан менен бардык тармактарда, анын ичинде гуманитардык чөйрөдө өз ара аракеттенүү, биздин өлкөлөрдүн жаштарынын ортосундагы достук маанилүү. Бул эки өлкөнүн мындан ары да ушундай ынак, достук мамилесин уланта береринин кепилдиги болуп саналат. Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана туризм чөйрөсүндөгү маселелерге токтолуп, Улуттук жыйындын республикалык кеңешинин төрайымы Беларусь бул тармактарда эки тараптуу мамилелерди мындан ары активдештирүүгө даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Айгүл Жапарова белорус тарапка жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Беларусь элдеринин ортосунда жалпы тарыхый эстутумга жана өз ара колдоо жана түшүнүү каалоосуна негизделген салттуу жакын достук мамилелер өнүгүп келе жатканын белгиледи. Биринчи айым «Славян базары» эл аралык искусство фестивалы славян дүйнөсүнөн да алыс чыгып, көптөгөн өлкөлөрдүн түрдүү элдерин жана маданияттарын бириктирген олуттуу окуяга айланганын канааттануу менен белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан жыл сайын салттуу түрдө фестивалдын сынактык программасына катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жиберүүгө аракеттенип келет жана бир нече жолу ар кандай номинацияларда жеңүүчү да болгон. Бул жылы өлкөнүн атынан фестивалга улуттук тандоо турунун жеңүүчүсү, ошондой эле ар кандай эл аралык жана республикалык жаш таланттар сынактарынын катышуучусу жана байге ээси болгон 14 жаштагы Раяна Алыбаева көрсөтүүдө.

Жолугушууда биринчи айым Беларусь сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү, анын ичинде онкологиялык ооруларды дарылоо боюнча КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бири экенин белгиледи. Буга байланыштуу бул багытта мамлекеттердин кызматташтыгын тереңдетүү сунушталды. Айгүл Жапарова ошондой эле президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанда органдарды трансплантациялоо боюнча бардык операциялар алардын кымбаттыгын эске алуу менен мамлекеттин эсебинен акысыз жүргүзүлө турганын айтты. Тараптар бул иш сапар жана бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы маданий-гуманитардык жана социалдык тармактарда эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө өбөлгө болорун канааттануу менен баса көрсөтүштү.