Айгүл Жапарова Москвада Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборуна барды

Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова “Кыргызстан менен Орусиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-оурсиялык Аялдар форумуна катышуусунун алкагында Москва шаарындагы Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин (ММЛУ) Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборуна барды.

Борбор 2003-жылдан бери иштеп, ММЛУ менен Бишкек гуманитардык университетинин ортосундагы кызматташуу келишиминин негизинде түзүлгөн. Борбордун ишинин негизги багыттары: оурсиялык студенттерге кыргыз тилин үйрөтүү, окуу-методикалык базаны өнүктүрүү, кошумча билим берүү программаларын жана кесиптик кайра даярдоо программаларын иштеп чыгуу, Орусмяда кыргыз тилин жана маданиятын жайылтуу, Орусия менен маданий, ишкердик, чыгармачылык жана руханий байланыштар чыңдоо жана башкалар. Аталган борбордун жетекчиси Жеңишгүл Хулхачиева студенттер кыргыз тилин жана маданиятын абдан кызыгуу менен окуп жатышканын, Кыргызстанга барууга дилгир экенин белгиледи.