Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту (сүрөт)

Өлкөнүн биринчи айым Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«6-мартта өткөн “Кыргызстан менен Орусиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-орусиялык аялдар форумуна катышуунун алкагында Кыргызстан Аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Биринчи айым мекендештер менен жолугушуунун алдында иш-чара өткөн Кыргызстандын элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ак калпак күнүнө карата кичинекей кыргызстандыктардын өнөрүн көрдү», — деп айтылат маалыматта.