Айгүл Жапарова Панфилов жатак мектебине барып, балдарга белек тапшырды (сүрөт)

Жаңы жылга карата «Үмүт булагы» коомдук фонду жана анын директору Айгүл Жапарова Панфилов жатак мектебинин балдарын жана мугалимдерин куттукташты. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

«Фонд жаңы жылдык белектерди, кеңсе буюмдарды, жылуу жууркандарды, китептерди жана башка керектүү буюмдарды интернатка тапшырды. Келе жаткан жылда балдарга чың ден соолук жана окуудагы ийгиликтерди каалайбыз!» — деп кошумчалашты фонддон.