Айгүл Жапарова Токиодогу мектептерге барды (сүрөт)

Биринчи айым Айгүл Жапарова президент Садыр Жапаровдун Японияга расмий сапарынын алкагында Токио шаарындагы билим берүү мекемелерине барды.

«Ota Sakuradai High School» орто мектебин кыдыруу учурунда мекеменин директору Томонори Исияма жана мугалимдер мейманды жылуу тосуп алып, Айгүл Жапарова менен жолугушууга кубанычта экендигин белгилешти. «Ota Sakuradai High School» Токио шаардык орто мектеби — бул окуучулары англис тилин үйрөнүүгө, баарлашуу жөндөмүн жакшыртууга жана университетке кирүүгө даярданууга багытталган «даярдоочу кесиптик орто мектеп».

Биринчи айымга 5 жана 6-класстын бир нече окуучусу Кыргызстандын гимнин аткарып беришти, ошондой эле япониялык окуучулар «Ota Sakuradai High School» кызматташып жана онлайн жолугушуулар аркылуу тажрыйба алмашып турган Кыргызстандагы «Билимкана» мектебинин окуучулары менен онлайн өз ара байланыштар тууралуу таасири менен бөлүшүштү. Андан кийин биринчи айым Япониядагы эң эски менчик музыкалык колледж, өлкөдө батыш классикалык музыкасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Токио музыкалык университетинде болду. Бул жерде атайын биринчи айым Айгүл Жапарова үчүн окуучулар кыргыз элинин музыкалык аспабы – комузда кол ойнотуп беришти, бул өнөрдү аларга мекендешибиз үйрөтөт.