Айгүл Жапарова «Виват, рояль!» гала-концертинин ачылышына катышты

Кечээ, 13-майда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында гала-концерттин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Анда пианисттер көрүүчүлөргө дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын, анын ичинде дүйнөнүн алдыңкы аткаруучуларынын жана белгилүү кыргыз композиторлорунун тандалмаларын тартуулашты.

Өз куттуктоо сөзүндө Айгүл Жапарова бул концертке даярдануу алкагында өлкөдөгү музыкалык маданияттын абалы менен жакындан таанышууга жетишкенин белгиледи. «Биздин музыканттар Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө суроо-талапка ээ болгон, чоң таланты бар, жогорку деңгээлдеги профессионалдар экенин баамдоо мени кубандырат. Алар оркестрлерде ойноп, мугалимдик ишмердүүлүк менен алектенип, берген концерттери ийгилик менен коштолот», — деди ал.

Иш-чаранын максаты — фортепиано искусствосун өнүктүрүү жана жайылтуу. Ага Маданият министрлигине караштуу музыкалык окуу жайлардын студенттери, бардык облустардан мугалимдери менен бирге келген пианисттер, учурда Москвада билим алып жаткан студенттер катышты. Мындан башка атайын конок катары иш-чарага Россиянын Гнесиндер атындагы музыкалык академиясынын профессору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Орусиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Вера Носина катышты.