Айгүл Жапаровага «Коомдук таануу» сыйлыгы тапшырылды

Айгүл Жапарова «Коомдук таануу» сыйлыгын алды. Аны биринчи айымга Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова тапшырды.

Сыйлык Евразиялык аялдар форумунун кеңеши тарабынан негизделген жана аялдарга коомдун туруктуу өнүгүүсүнө, тынчтык үчүн күрөшкө кошкон салымы, жигердүү кайрымдуулук жана коомдук ишмердиги үчүн ыйгарылат.

«Урматтуу Валентина Ивановна! «Коомдук таануу» сыйлыгын тапшырууга байланыштуу мага көрсөткөн колдооңуз жана баалооңуз үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем. Бул сыйлык аялдардын коомдун туруктуу өнүгүүсүнө, тынчтык үчүн күрөшүүсүнө жана жигердүү кайрымдуулук иштерине кошкон салымын белгилейт. Сиздин мындай маанилүү демилгелерге көңүл бурууңуз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт. Сизге ыраазычылык», — деп айтылат маалыматта.