Айгүл Жапарованы Япониядагы улуттук борбордо ит жүгүнүү менен тосуп алды (сүрөт)

Биринчи айым Айгүл Жапарова президент Садыр Жапаровдун Японияга расмий сапарынын алкагында Токио шаарындагы Балдардын ден соолугу жана өнүгүүсү улуттук борборуна барды.

Борбордо Айгүл Жапарованы мекеменин президенти Игараси Такаси тосуп алып, алар балдар бөлүмүндө болушту. Ал жакта дарылануу менен бирге балдар тарбиялык сабактардан өтүшөт (мектеп программасын калтырбоо үчүн). Ошондой эле интенсивдүү терапия жана реабилитация бөлүмүндө болушту. Такаси борбордо ит терапиясы (канистерапия) жүргүзүлөрүн, ал япон тараптын маалыматы боюнча адамдын нерв системасына оң таасирин тийгизип, айыктыруучу жана ден соолукту чыңдоочу таасирге ээ экенин билдирди. Япон тараптын ишенимине ылайык, ит менен баарлашуу адамга эмоционалдык жана моралдык канааттануу алып келери байыртадан эле белгилүү, ал эми адамдын жаныбарлар менен байланышынын пайдасы азыр илимий жактан далилденген.

Айгүл Жапарова борборго болгон сапарынын алкагында аны Японияда учурашуунун салттуу түрү – жүгүнүү менен тосуп алган Наса аттуу ит менен таанышып, ал жылуу эмоцияларды тартуулады. Биринчи айым жаныбарлар баланын эмоционалдык жана физикалык ден соолугуна пайдалуу таасир бере аларын канааттануу менен белгилеп, аталган борбордо болуу мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.