«Айлыгы 5 миң сом». Тез жардам кызматындагы дарыгерлер жумуштан кетип жатышат

Бүгүн Бишкектин Тез жардам кызматында 89 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Жалпысынан алганда, дарыгерлер айлык маянасына байланыштуу жумуштан кетишти. Айлык өтө төмөн — 5 миң сом. Өкмөт июль айынан бери дарыгерлердин айлыгын 40 пайызга көтөрүп жатат, биз келечекте дагы айлык акыларды көтөргүбүз келет»,— деди Бейшеналиев.

Министр белгилегендей, ушул жылдан баштап Саламаттыкты сактоо министрлиги клиникалык ординаторлорго жана тез жардам кызматкерлерине бардык медициналык жогорку окуу жайларынан орун бөлүп берген.

«Биз орундарды клиникалык ординаторлор, жаш дарыгерлер менен толтурабыз»,- деди ал. Бейшеналиев дарыгерлердин айлыгын жогорулатуу маселесин көтөргөнүн айтты.