«Айлык 50 миң». Бишкек мэриясы автобус айдоочуларын ишке чакырып жатат

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы «D» категориясындагы айдоочуларды өз командасына чакырат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«ВС» категориясы бар айдоочулар үчүн «Д» категориясына акысыз окутуу жана практика каралган, курсту аяктагандан кийин биз расмий жумушка жана татыктуу эмгек акыга кепилдик беребиз. Айдоочулардын айлык маянасы 50 миң сомду түзөт», — дешти.

Айдоочуларга талаптар:
— 21ден 60 жашка чейин.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү номурларга кайрылыңыздар болот: 0312 531768, 0550553444, WhatsApp: 0555 525 452.