«Айлык акыбызды бербей жатышат». Камчаткадагы мигранттар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты

Орусиянын Камчатка аймагындагы мигранттар дээрлик бир жылдан бери эч ким көңүл бурбай келген көйгөйлөрүн айтышып, мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылышты. Бул тууралуу алар жалпыга маалымдоо каражаттарына билдиришти.

Маалыматка ылайык, мигранттар Камчатка аймагында Кыргызстандын консулдугу жок болгондуктан, кабыл алуу үчүн башка шаарларга барууга аргасыз болушат. «Башка шаарга барганда жол кире, тамак-аш, түнөп калуу үчүн чоң чыгымдарга учурайсың. Мындан улам кыргыз мигранттардын көпчүлүгү паспортун алып койгон шектүү фирмалардан жумуш табышат. Андан кийин тиешелүү органдар мигранттардын колунда документтери жок болгондугуна байланыштуу кылмыш ишин козгошот. Ошондуктан жумуш берүүчүлөр мигранттарга айлык төлөшпөйт», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Камчаткада 4 миңге жакын кыргызстандык мигранттар жашап, эмгектенишет.

«Биз бул көйгөйлөрдү айтып, буга чейин дипломаттарга расмий түрдө кайрылганбыз. Бирок бир жылдан бери жооп ала албай келебиз. Мигранттардын жашоосу эч кимди кызыктырбайт жана көңүл бургулары келишпейт. Бул жолкусунда дагы бир үмүт менен түз президент Садыр Жапаровго кайрылып жатабыз. Мамлекет башчы биздин үнүбүздү угуп, көңүл бурат деп терең ишенебиз”, — деп билдиришти мигранттар.