Айлыкты топтоп үй алуу мүмкүн эмеспи? Шыкмаматов жаңы долбоор тууралуу айтып берди

Бүгүн, 23-январда Элдик банк Мамлекеттик ипотекалык компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан «Топтомо ипотека» уникалдуу социалдык программасынын бет ачар аземи өттү. Бул долбоордун башатында анын демилгечиси болуп президент Садыр Жапаров турганын мурда Мамлекеттик ипотекалык компаниясын жетектеген учурдагы Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

«Топтомо ипотека долбоору ишке ашып, бүгүн ошонун алкагында биринчи кредити берилип жатат. Муну жакшы төлгө деп маараке иретинде белгиленүүдө. Айлык-акы долбооруна үй алуу мүмкүн эмес, биздин мигранттарга үй алуу кыйынчылык туудурат деген пикирлер бар. Банктын кызматы Мамлекеттик ипотека компаниясы менен айлыкты топтоп, эсепке салып, батирдин 30 пайызын чогулткан соң, 20 пайызын банк күрөөсүз 10 жылга берет. Бул долбоор жаштарга, мигранттарга, айлыгын топтоп үй алам деп жүргөн жарандарга жардам боло турган механизм», — деди Шыкмаматов.