Аина Маратова Ташкентте өткөн эл аралык фестивалда 1-орунду багынтты

Кыргызстандык Аина Маратова Ташкентте өткөн эл аралык фестивалда 1-орунду ээледи.

Маалыматка караганда, 15-17-апрель күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында Орусия, Кытай, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан катышкан биринчи эл аралык цирк искусствосунун «Жибек Жолу» аталышындагы фестивалы өткөн. Анда кыргызстандык Аина Маратова 1-орунду багындырган.

Ал эми гран-прини казакстандык Арина Стаценко алган.