Айнура Сегизбаева: «Абдилдин жоктугун билгизбегенге аракет кылып жатам. Бирок колуман келбей жатат» 

Биз алдын ала ушундай болорун сезгенбиз. Анализ жүргүзбөсөк да бул белгилүү болчу. Бул тууралуу УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Балдарыбыз баарын түшүнүп жатышат. Абдил бизди моралдык жактан даярдаптыр. Бирок биз бир нерсени эске албаптырбыз — балдарды. Бул жерде баарынан да балдарга кыйын болуп жатат. Абдил мени кубаттайт. Мен Абдилди кубаттайм. Мага айтат «Сен табиятыңдан ушундай күчтүү экенсиң» деп. Албетте, балдарга ата болуп бере албайм. Бирок Абдилдин жоктугун билгизбегенге аракет кылып жатам. Бирок колуман келбей жатат. Балдарыбыз акылдуу, оор басырыктуу. Алар бардыгын түшүнүп жатат. Бирок Абдилди сагынып жатышат», — деди ал.

Анын айтымында, Абдил Сегизбаевди үй-бүлөсү менен көрүштүрбөй жатышат.

Маекти шилтемеден табасыз.