Абдил Сегизбаевдин жубайы: «Бул саясий куугунтук»

«Бул саясий куугунтук. Азыр өзүн-өзү бийлик деп атап жаткан адамдардын саясий куугунтугу». Бул тууралуу бүгүн, 27-январда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева билдирди.

Анын айтымында, азыркы бийликке Сегизбаевдей күчтүү, билимдүү адамдардын кереги жок.

“Кудайдын көзү түз болсун. Садыр Жапаров өзү түрмөдө отуруп чыкты. Күтүлбөгөн жерден чыгып калды. Азыр бийликте отургандарга билимдүү адамдардын кереги жок. Буларга «чимкириктердей» болгон адамдар керек”, — дейт Сегизбаева.

УКМКнын мурдагы төрагасынын жубайынын айтымында, Сегизбаевди баары бир азыр бошотушпайт.

«Баары бир Абдилди коё беришпейт. Булар эптеп аны темир тордун ары жагына отургузуп, оозун жабыш керек болуп жатат. Эртеби, кечпи Абдил өзүнүн актыгын далилдейт. Азыркылар бийликке келдим деп бийлеп жатышпайбы. Жапаров дебаттан качып жүрүп, президент болуп алды. Кимдин ким экенин тарых көрсөтөт”, — дейт ал.