Айпери Медет кызы жол тескөөчүлөр Мээрим Жуманазарованын унаасын жүктөп кеткенин айтты

«Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери менин унаамды Мээрим Жуманазарованын унаасы менен алмаштырып алышыптыр» деп жазды Айпери Медет кызы соцтармактагы баракчасына.

Кечээ, 28-апрелде социалдык тармактын колдонуучулары «Айпери Медет кызы маалымат жыйында отурса, унаасын БШКнын алдынан эвакуатор менен жүктөп кетти» деп жазышкан. Ал эми милициянын кайгуул кызматы эгер унаа спортчу кызга таандык болсо, “Ак-Жолтой” убактылуу токтотуучу айып короо жайынан алып кетсе болорун билдиришкен. Бүгүн спортчу кыз эч кандай жол эрежесин бузбаганын айтып чыккан.