Эртең, 23-майда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Талас, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32;
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;
Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +29…+31 градус болот.