Айрым аймактарда жамгыр жаайт. 24-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 24-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөн зонасында, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык зоналарында жана Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31;

Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +30…+32 градус болот.