Кечээ, 23-декабрда Бишкекте тиш дарылатып чарчап калган 3 жаштагы Алия Кубанычбекованын өлүмү боюнча Октябрь райондук соту чечим чыгарган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Алиянын чоң энеси Айгүл Исакова менен байланышканыбызда, ал соттун чечими адилеттүү болгонун, бирок айрым учурларга макул эместигин билдирди.
«5 жылдык жаза аз деп эсептейбиз. КММАнын медициналык борборунун ошол учурдагы директоруна пробация берип, бошотуп койгонуна макул эмеспиз. Анткени директор ошол стоматологду медициналык борборго киргизген. Ошол себептен биз Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылабыз», — деди Алиянын чоң энеси.
Ал ар бир айыпталуучуга 10 жылдан сураган прокурорлорго ыраазычылыгын билдирди. «Бул окуя башка медицина кызматкерлерине сабак болушун каалайм. Жаш балдардын өлүмү болбосун», — деди Исакова.
Өткөн жылдын 18-декабрында Бишкекте тишин дарылаткан 3 жашар кыз чарчап калган. Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шектүүлөр кармалган.