Айсулуу Тыныбекова: «Алтын медаль алып берем» деген сөзүмө тура албай калдым. Кечирим сурайм»

Күмүш медалдын баасын утулуп калгандан кийин сезген эмесмин. Сиздердин колдооңуздар менин жүзүмө күлкү алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова билдирди.

«Чынын айтсам толкунданып турам. Кыргызстанды буга чейин мынчалык сагынган эмесмин. Канчалык алыстыкта болсом дагы ар бириңиздердин колдооңуздарды сезип жаттым. Сиздердин колдооңуздарды Интернеттен көрүп алып, ыйладым. Сиздерге ушундай ыраазы болдум. Күмүш медалдын баасын утулуп калгандан кийин сезген эмесмин. Сиздердин колдооңуздарды көрүп, жүзүмө күлкү келип, маанайын ачылды. 2016-жылы «алтын медаль алып берем» деп сөз берген болчумун. Алтын медаль алам деп баргам. Айткан сөзүмө тура албай калдым. Ошол үчүн сиздерден кечирим сурайм. Жашоо өзү күрөш, күрөш токтогон жок»,- деди ал.