Айсулуу Тыныбекова: «Бир аз тыныгуудан кийин килемге кайтып келем»

Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, ага кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти милдети тапшырылганын билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын кезексиз жыйынында федерациянын мүчөлөрү, улуттук курама команданын машыктыруучулары жана калыстар чогулуп, мага федерациянын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти милдети тапшырылды.

Мен үчүн бул жөн гана жаңы кызмат эмес – бул Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшүнө байланышкан кыялдарымды жана пландарымды ишке ашыруу үчүн маанилүү жоопкерчилик жана мүмкүнчүлүк. Мен өзүмдүн тажрыйбам жана колдооңуздар менен биздин спортчуларды шыктандырып, туура жолго сала алам деп ишенем, алардын профессионалдык өсүшүнө шарт түзүп, командалык духубузду бекемдей алам. Кыз-келиндер күрөшүнүн чоң потенциалы бар жана биз биргеликте мындан да көп ийгиликтерге жетишип, күчтүү жана максаттуу чемпиондордун жаңы муунун тарбиялайбыз деп ишенем.

Ошондой эле, мен спортто калаарымды айткым келет. Бир аз тыныгуудан кийин килемге кайтып келип, өлкөбүз үчүн мелдешти улантам. Мага ишенип, бул жолду мени менен бөлүшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем»,- деп жазды ал.