Айсулуу Тыныбекова Чикагодо. Аны мекендештер кантип тосуп алышты (видео)

«Чикаго шаарында мекендештерибиз менен жолуктум. Жолугушуу Чикагодогу Кыргыз маданият борборунда өттү. Сиздердин коом үлгүлүү экен десем жаңылышпайм. Спортко, маданиятка, биздин каада-салттарга салымыңар таң калтырды». Бул тууралуу кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Силердин ынтымагыңарды көрүп жүрөгүм абдан жылып турат. Мен кайсы өлкөгө барбайын мени мекендештерим жакшы тосуп алып, колдоосун билдиришет. Алыс жерде жүргөн күйөрмандарыма, жалпы кыргызстандыктарга терең ыраазычылык билдирем. Чикагодогу жолугушууга жаш муун да келди. Кыргызстанга салымын кошкон келечеги кең жаштардан болушсун демекчимин!» — деп жазды ал.

Буга чейин балбан кыздын машыктыруучусу анын Чикагого эс алуу үчүн кеткенин айткан эле.