Айсулуу Тыныбекова жолдошу тууралуу: «Өзүнүн мыкты экенин көрсөтө алды»

Олимпиаданын эки жолку байге ээси жана дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова жеке жашоосу тууралуу айтып берди. Журналист Вячеслав Абдусаламовго берген маегинде ал өзүнүн жолдошу тууралуу кеп калды.

Тыныбекованын жолдошу —Бакберген Абдимиталипов. Ал грек-рим күрөшү менен машыгып, Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү болгон.

«Анын мени багынта алгандыгы — бул чоң жетишкендик. Кол сунгандар көп болгон, бирок ал өзүн мыкты жагынан көрсөтө алды. Эркек киши сөзсүз аракет кылышы керек. Мага эркектердин аракет кылганы жагат. Ал аракет кылып, мени алды. Натыйжасы — ушул. Жашоо да — күрөш», — деди Тыныбекова.