Социалдык тармактарда балбан Айсулуу Тыныбекова менен жолдошунун машыгуу учурундагы видеосу менен бөлүшүп жатышат.
Тыныбекова буга чейин социалдык тармактагы баракчасына жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, «Негизи мен ар дайым бактылуулук тынчтыкты сүйөт деп ишенип, жеке жашоону коомчулукка алып чыкпоону туура көрчүмүн. Бирок азыр жашоомдун жаңы баракчаларын ачып, колдоп, мени дүйнөдөгү эң бактылуу кылган адамды көрсөтүүгө мезгил келгенин сезип турам. Ар бир кыз бактылуу болууга милдеттүүбүз»,- деп жазган ал.
Көп өтпөй эле Олимпиаданын коло медалынын ээси Үзүр Жузупбековдун үйлөнүү тоюндагы видеосу тараган.