Айсулуу Тыныбекова: «Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү»

Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Кыргыз элине кайрылуу жасады.

«Кадырлуу кыргыз элим! Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам!

Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат… Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык!

Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз. Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм! Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга! Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!“,- деп жазды ал.