Айсулуу Тыныбекованын жеңиши үчүн сүйүнгөндөр (видео)

Париждеги Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова коло медаль жеңди.

Ал 11-августка караган түнү коло медаль үчүн беттешти. Тыныбекова атаандашы болгон монголиялык спортчуну жеңип алды.

Беттешти Бишкектеги “Ынтымак” сейил багында көрүп жаткан күйөрмандардын жеңиштен кийин тура калып кол чаап, кубанып жаткандарын көрүүгө болот.