Айсулуу Тыныбекованын күмүш медалы үчүн кимге, канча акчалай сыйлык берилет?

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кечээ, 4-августта Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалына ээ болду. Ал алтын медаль үчүн беттеште япониялык атаандашы Юкако Каваиге жеңилип калды.

Олимпиада оюндарына чейин Кыргызстандын өкмөтү медаль жеңген спортчуларга акчалай сыйлык берүү жөнүндө токтом чыгарган. Ага ылайык, Тыныбековага күмүш медалы үчүн мамлекет тарабынан 7,5 миллион сом берилет.

Жалпысынан мамлекет Тыныбекованын күмүш медалы үчүн 15 миллион 725 миң сом бөлөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, акчалай сыйлыктарга салык алынбайт.

Акчалай сыйлыктын ээлери:

— Айсулуу Тыныбекова — 7,5 миллион сом;

— Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков — 2 миллион 225 миң сом;

— Улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев— 1 миллион 875 миң сом;

— Жеке машыктыруучусу Нурбек Изабеков — 1 миллион 875 миң сом;

— Биринчи машыктыруучусу — 750 миң сом;

— Дарыгер Бактыгүл Алишева — 750 миң сом;

— Укалоочу Константин Еремич — 750 миң сом.