Бүгүн, 6-июнда Ош шаарындагы 68 мечитте Курман айт намаздары окулду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде Айт намазга катышып, шаар тургундарын жана конокторун айт майрамы менен куттуктады.
Шаар башчысы ар бир үйдө тынчтык, токчулук, береке, ынтымак жана аманчылык, бекем ден соолук болуп, өлкөбүздө, Ош шаарыбызда өсүп өнүү, тынчтык, токчулук болуусун каалады.