11-сентябрдан тарта Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинде саат 22:00дөн кийин унаалардын кыймылына чектөө киргизилбейт.
Мындай чечим шаардыктар жана айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу, ошондой эле жол агымын жөнгө салуу максатында кабыл алынды. Ушул күндөн тарта проспектидеги унаа кыймылы күнү-түнү ачык болот.