Айыл чарба министри кумшекердин Казакстанга чыгарылганын айтты

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков кумшекердин Казакстанга чыгарылганын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Балыкчы токой чарбасында билдиргенин Тазабек басылмасы жазды.

Өлкөнүн аймагынан кумшекерди алып чыгууга 1-июндан тартып тыюу салынган.

Министрдин кумшекер боюнча Кыргызстандын жылдык керектөөсү 165 миң тонна түзөрүн айтты. «Биздин өндүргөнүбүз андан аз жана 105 миң тоннага (ЕАЭБден башка өлкөлөрдөн салык ташып кирүү көлөмү) квота алдык. Биз аны Кыргызстанга алып кирип жатабыз жана коңшу Казакстанда кумшекердин тартыштыгы пайда болуп, баа көтөрүлүп, Казакстанга кумшекерди активдүү алып чыгып баштаган тенденцияны байкадык», — деди ал.