Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 6-августка Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө (Орусия, Казакстан) азык-түлүк продуктуларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:
Кыргыз Республикасында баалар төмөнкүдөй: каймак май – 630,7 сом, макарон азыктары (спагетти) – 73 сом, жумуртка – 87,6 сом, 1-сорттогу буудай уну (импорттолгон) – 43,2 сом, макарон азыктары (вермишель) – 76,1 сом, сабиз – 58,4 сом, картошка – 42,4 сом, пияз – 39,2 сом, 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан – 64,4 сом, нан азыктары – 95,6 сом, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 35 сом, пастерленген сүт – 73,5 сом.
Казакстанда төмөнкүдөй: сабиз – 51 сом, картошка – 54 сом, күрүч – 185,4 сом, пияз – 38 сом.
Орусияда төмөнкүдөй: нан азыктары – 139 сом, картошка – 70,5 сом, сабиз – 65 сом, пияз – 63,8 сом, макарон азыктары (вермишель) – 91 сом, жумуртка – 120,5 сом, кум шекер – 78 сом.
Ошондой эле министрлик тарабынан керектөө рыногунда туруктуулукту камсыз кылуу жана баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө. Мониторингдин жыйынтыгында өлкөнүн азык-түлүк базарларында, өзгөчө сезондук азыктар болгон жашылча-жемиштердин – капуста, сабиз, пияз, помидордун баасынын төмөндөшү аныкталган.