Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштоодо

Айыл чарба министрлиги Евразия экономикалык биримдигине кирбеген мамлекеттерге пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштоодо. «Кыргыз Республикасынан айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө» Министрлер кабинетинин токтомуна тиешелүү түзөтүүлөрдү департамент коомдук талкууга койду.

Анда белгиленгендей, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана пияздын базар баасын турукташтыруу максатында тыюу салуу сунушталууда. Ведомстводон белгилегендей, бүгүнкү күндө пияздын баасы өтө жогору бааланып жатат.

«Бул продукт социалдык маанилүү мүнөзгө ээ жана рынокто жетишсиздик пайда болгон учурда бул өлкөдө азык-түлүк каатчылыгына алып келиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.