Буга чейин массалык маалымат каражаттарында Соң-Көл жайлоосунда бодо малдар шарп ылаңы менен ооруп жатканы боюнча такталбаган маалыматтар тарады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Ветеринардык кызмат бул маалыматты четке кагып, түшүндүрмө берди. «Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосуна Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун ветеринардык башкармалыктарынын инспекторлору жеке ветеринардык врачтар менен биргеликте Соң-Көл жайлоосуна барып, малчылар менен жолугушуп, жеринде мониторинг жүргүзүп, эпизоотиялык кырдаалды анализдеп, текшерип турушат. Акыркы жолу инспекторлор 18-19-июль күндөрү Соң-Көл жайлоосуна барып мониторинг жүргүзүп келишкен. Малчылардан эч кандай даттануулар жана арыздар түшкөн эмес, эпизоотиялык абал туруктуу, жугуштуу ылаңдардан таза деп белгиленген. Мындан тышкары, Сон-Көл жайлоосуна бекитилген ветеринарды адистер жума сайын мониторинг жүргүзуп, райондук ветеринардык башкармалыкка маалымат берип турушат. Бул боюнча жеринде түзүлгөн актылар бар.
Жогорудагы маалыматтын негизинде бүгүнкү күндө Ветеринардык кызматтын инспекторлору Соң-Көл жайлоосуна барып, мониторинг жүргүзүп, малдар арасында шарп ылаңы менен ооруп жаткандыгы такталган жок, эпизоотиялык абал туруктуу», — дешти.