Айылчы Сарыбаев уулунун суракка алынышы боюнча: «Ташиев менен Жапаровго эскертерим, от менен ойнобогула!»

Бүгүн, 15-сентябрда «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев ИИМге суракка чакыртылганы маалым болгон.

Ал эми Алмаз Сарыбаевдин атасы Айылчы Сарыбаев социалдык тармактагы баракчасына жарым саат мурун уулун УКМКнын кызматкерлери үйүн тинтиген соң суракка алып кеткенин жазып чыкты.