Айзада Канатбекованы ала качуу тасмада… Бул аптада Alternativa Film Screenings өтөт

Бишкекте 20-сентябрдан 25-сентябрга чейин Alternativa Film Screenings өтөт. Бул 2023-жылкы Alternativa Film Awards сыйлыгынын номинанттарынан жана жеңүүчүлөрүнөн тандалган тасмалардын ачык жана акысыз көрсөтүлүшү. Анда кыргыз жана эл аралык кинотасмалар коюлат. Көрсөтүүлөр буга чейин Алматы шаарында өткөн.

Кайсы тасмалар көрсөтүлөт? 

Көрүүчүлөр былтыркы жылы сыйлыкка Азия аймагынан катышкан «Кыз ала качуу» (Кыргызстан, Spotlight сыйлыгынын жеңүүчүсү), «Бооруна cалуу» (Казакстан, Future Voice сыйлыгынын жеңүүчүсү), «Жекшемби» (Өзбекстан), «Баласыз айыл» (Иран), «12 жума» (Филиппин), «Вахан туткуну» (Кыргызстан), «Сotton 100%» (Өзбекстан), «Кийинкиси ким?» (Кыргызстан) сыяктуу кинотасмаларды жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн катышкан кыска метраждуу тасмалардын программасын көрө алышат.

Мындан тышкары, Alternativa Film Screenings’тин алкагында былтыр Бишкекте өткөн өспүрүмдөр үчүн Alternativa Teen Lab кинолабораториясынын катышуучуларынын эмгектери, Alternativa Film Project долбоорунун демилгечиси болгон inDrive компаниясынын тарыхы тууралуу Inner Drive документалдуу тасмасы көрсөтүлөт.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү

Alternativa Film Screenings көрүүчүлөрдүн жандуу катышуусуна мүмкүнчүлүк берген импакт-көрсөтүү форматында уюштурулган. Ар бир көрсөтүүнүн аягында кинотасмада берилген коомдук мааниге ээ темалар адистер менен бирге талкууланат. Ошол эле учурда көрүүчүлөр адистер менен талкууга катышып, өз ой-пикирлерин жана тажрыйбалары менен бөлүшө алышат. Көрсөтүүлөрдүн максаттуу аудиториясы – журналисттер, блогерлер, активисттер, аткаминерлер, ишкерлер, маданий жана чыгармачыл жамааттардын өкүлдөрү, жаштар жана студенттер, башкача айтканда, коомдук өзгөрүүлөрдүн өкүлдөрү боло ала турган адамдар. Кинотасмалардын талкууларында журналисттер, активисттер, изилдөөчүлөр жана ар түрдүү тармактардын адистери эксперт жана модератор катары чыгышат.

Кимдер катышат? 

Кыргызстандын маданиятын жана мурасын жайылтуу боюнча активист Эрик Абдыкалыков, ишкер, Ололо компаниялар тобунун тең негиздөөчүсү жана бизнес-дирижеру Данияр Аманалиев, мамлекеттик жана саясий ишмер Медер Алиев, журналист Назира Айтбекова, креативдүү ишкер Толкун Дайырбекова (“Карек” балдар киносу фонду), ишкер жана “Жаратман” подкастынын алып баруучусу Урмат Насыкулов, укук коргоочу Айбек Аскарбеков, экоактивист жана медиаменеджер Исмаил Карыпов жана башкалар катышат.

Кайсы жерде өтөт? 

Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтөт.

Alternativa Film Project’тин башчысы Лиза Сурганова алардын миссиясы дүйнөнү кино аркылуу өзгөртүү экенин белгилеп, адамдарды ар кандай социалдык маселелерге жаңыча көз караш менен кароого шыктандырарын айтты.

«Өткөн жылы биз биринчи жолу сыйлыгыбызды тапшырганыбызда Борбордук Азиянын коомчулугунда өз кинотасмаларына абдан кызыгарына күбө болдук. Эми аларды көрүүчүлөрдүн назарына сунууга убакыт келип жетти. Биздин көрсөтүүлөр бишкектик көрүүчүлөрдү ар кайсы өлкөлөрдөн келген жаңы ысымдар менен тааныштырып гана чектелбестен, алар тарткан кинотасмаларда камтылган жана ал кинотасмаларда чагылдырылган резонанстуу темалардын үстүнөн талкууларды жаратат деп үмүттөнөбүз. Биздин миссиябыз — дүйнөнү кино аркылуу өзгөртүү. Alternativa Film Screenings коомдо активдүү талкууларды жаратып, адамдарды ар кандай социалдык маселелерге жаңыча көз караш менен кароого шыктандырат деп ишенебиз»,- деди ал.

«10 жылдан ашуун адам укуктары, кыз-келиндер укуктары боюнча көп иш алып барганы үчүн бул көргөзмө биз үчүн дагы маанилүү» деген Борбордук Азиядагы IDEA уюмунун продакт менеджери Жылдызай Турдубекова буларга токтолду.

«Биз Alternativa Film Screenings менен биргеликте бул иш-чараны өткөрүп жатабыз. Кино көргөзмөнүн алкагында 11 тасма көрсөтүлөт. Бул тасмалардын көпчүлүгү биздин коомдо, дүйнө жүзүндө болуп жаткан коомдогу көйгөйлөр боюнча. Бул тасмалар 5 күн көрсөтүлөт жана анын арасынан тандап алышып, акчалай колдоо көрсөтүшөт. Мени кубандырганы, коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү өзүнүн долбоорлору аркылуу колдоп келгени. Борбордук Азиядагы IDEA уюму 10 жылдан ашуун адам укуктары, кыз-келиндер укуктары боюнча көп иш алып барганы үчүн бул көргөзмө биз үчүн дагы маанилүү болгондуктан өнөктөш болуп чыктык. Азыр иш-чарага даярданып жатабыз. 

Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү бир эле режиссёрлор эмес, көрүүчүлөр дагы тең катышуучу боло алат. Мисалы, биз тасманы көргөнү барганда, көрүп бүтүп кетип калабыз. Талкуу болбой, ичибизде калып калат. Бул жерде ошол тасма тууралуу ойлор, кеңештер айтылат. Ар бир тасма көрсөтүлгөндөн кийин уюмдар менен иштешишсе болот. 

Alternativa Film Screenings биринчи жолу болуп жаткан жок. 2023-жылы Алматыда башталган. Борбор Азиядагы киноиндустрияны өнүктүрүү үчүн Бишкекте өтүп жатат. Муну менен эле токтоп калбай, өнөктөштөр Борбор Азияда иш алып барганы аракет кылып жатышат. Эң негизгиси бул жерде жаштарга жакшы мүмкүнчүлүк деп ойлойм. Көйгөйлөрдү көрсөтүп,  биргеликте талкуулап, бир чечимге келүү»,- деди ал.

«Кийинкиси ким?» тасмасынын режиссёру Нуржамал Карамолдоева эмне үчүн бул тасма тартылып калганын түшүндүрүп, кийинки тасмасы тууралуу айтып берди.

“Мен 2012-жылдан бери тасма тартам. “Кто следующий?” (“Кийинки ким?”) тасмасын Султан Усубалиев менен биргеликте тартканбыз. Биринчи жолу Борбор Азияда криминалдык окуяны изилдөө боюнча жанрда тасма тартылды. Дүйнөлүк кинодо бул жанр кеңири таралган. Бир криминалдык окуя талданат, изилденет. Ала качуу темасын чет өлкөлүктөр көтөргөнүн, же кыргыз режиссёрлор аны романтикага айлантып салганын байкадык. Биз ала качуу кылмыш экенин көрсөтүп берүүгө аракет кылдык. Азыр ала качуу боюнча шектүү 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тема Бурулайдын окуясынан кийин сабак болду го деп ойлодом. Бирок Айзаданын окуясы орун алды. Ошондон улам муну токтотуу максатында тасма тарттык. Ошондой эле апасына акыйкаттыкка жетүүгө аракет жардам берүүгө аракет кылдык. Айзада апасына үй алууну кыялданган, жашоого өзүнүн пландары бар кыз эле. Биз бул теманы чагылдыра беребиз. Биз кийинкиде ала качып турмушка чыккан улуу муун тууралуу тасма тартабыз. Алардын жашоосун, ой-пикирин чагылдырабыз”,- деди ал.

20-сентябрдан 25-сентябрда чейин Бишкектеги Кино үйүндө өтө турган тасмалардын көргөзмөсүнө баардыгыңыздарды чакырабыз. Тасмаларды көрүп, ой-пикириңиз менен бөлүшүп кетиңиз.

Катышуу үчүн шилтеме аркылуу катталыңыз.