Айзада Канатбекованын өлүмү. ИИМдин башчысын кызматтан кетирүү үчүн кол топтолууда

Айзада Канатбекованын өлүмүнө кайдыгер карабаган кыргызстандыктар Ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан кетириш үчүн кол топтоо башталганын жарыялашты. Бул тууралуу акциянын демилгечилери билдиришти.

«Биз Айзада Канатбекованын өлүмүнө алып келген шалаакылык үчүн Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматынан алынып, жоопко тартылышын талап кылабыз.

Биз, Кыргызстандын жарандары, укук коргоо органдарынын жарандардын жеке коопсуздугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча аракетсиздигине нааразыбыз. Айзада Канатбекованын өлтүрүлүшү жарандык коомдун ички иштер органдарынын деградацияланган тутумуна болгон чыдамынын акыркы чеги болду. Ички иштер органдарынын тутумун кесипкөй, коомго кызмат кылууну, ар бир адамга кызмат кылууну баалабаган адамдар башкарып тургандыгын качанга чейин карай алабыз? Натыйжада, милиция кылмыштарды токтотпостон, ийгиликсиз ишинин натыйжаларын аныктап, кылмыштардын статистикасын жүргүзүп турат», — деп айтылат кайрылууда.

Эң аярлуу — аялдар менен кыздар. 2020-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси боюнча (никеге туруу максатында адам уурдоо) Кыргызстанда 215 сотко чейинки өндүрүш катталган. Сотко 13 (!) иш гана жеткен. Бул расмий статистика. Бирок чындыгында бул кылмыштардын көпчүлүгү жашыруун бойдон калууда. «Реформа жана натыйжа үчүн» жарандык бирлигинин 2015-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, никеге туруу үчүн уурдалган аялдардын 88,1 пайызы милицияга кайрылган эмес.

«Ички иштер министрлигинин башчысы профессионал, артында тагы жок, кадыр-баркка ээ болгон адам болушу керек деп эсептейбиз. Милиция кызматкерлери ар бирибизге — жынысына, каржылык жана кызматтык абалына карабастан кызмат кылышы керек. «Кесиптик ар-намыс жана аброй» деген түшүнүк куру сөз болбошу керек”, — дешет активисттер.

Кыргызстандыктар талап кылышууда: